Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган адамга 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз пневматикалык куралды колдонуу менен жапайы канаттууларга аңчылык кылган жаран аныкталды.
Анын аракеттеринде аңчылык эрежелерин жана белгиленген талаптарды бузуу фактысы катталган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле мыйзамсыз атылган 4 даана канаттуу үчүн жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу