Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды
К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Жумгал районунда, Соң-Көл корук аймагына чектеш жерлерде рейддик иш-чара өткөрүштү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө суу объектилеринен мыйзамсыз салынган 500 метр эски синтетикалык тор чыгарылып алынды.

Аталган иш-чара суу биоресурстарын коргоо жана көлдөрдүн экологиялык абалын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Табигый экосистемаларды сактоо, балык ресурстарынын азайышына жол бербөө жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улана бермекчи.