РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда
Россияда 2027-жылдан тартып сегиз аймакта чет өлкөлүк жарандардын такси кызматында иштөөсүнө чектөө киргизүү пландалууда. Ал эми Калуга облусунда мигранттарга курьер болуп иштөөгө да тыюу салуу каралган. Бул тууралуу “Ведомости” басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, чектөөлөр Россиянын Мордовия, Чувашия, Татарстан, Удмуртия республикаларында, Свердлов, Оренбург, Ульяновск облустарында жана Еврей автономиялуу облусунда киргизилиши мүмкүн.
Тиешелүү токтом долбоорун Россиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги даярдаган. Документ октябрдын аягында Россиянын үч тараптуу комиссиясы тарабынан жактырылган. Эми ага премьер-министр Михаил Мишустин кол коюшу күтүлүүдө.
Мордовияда мындай чектөө киргизүү зарылдыгы чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы жол кырсыктарынын статистикасы менен негизделген. Аймактын ИИМнин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда 24 жол кырсыгы катталып, алардын алтоосу адам өлүмү менен аяктаган.