Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсү 3 жана 3/2 даректеринде салынып жаткан курулуш объектисинде министрдин буйругунун аткарылышы боюнча ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект 2026-жылдын август айында Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталганы аныкталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, объект 16-23 кабаттуу 2, 3, 5 жана 6 блоктон турат.

Белгилей кетсек, буга чейин Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, курулуштун "нөл цикли" аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынары тууралуу курулуш компанияларга эскертүүлөр берилип, тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Бирок берилген эскертүүлөргө карабастан, объект боюнча жарнамалык иштер улантылып жатканы аныкталды. Анын негизинде курулуш иштерине жооптуу "СК Нобель" ЖЧКсына карата тиешелүү чаралар көрүлдү.

Тактап айтканда, компаниянын уруксат берүүчү документтери жокко чыгарылып, лицензиясынан ажыратылды. Ошондой эле объекттеги курулуш иштери толугу менен токтотулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Манила шаарында CARTIF макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды