Бишкекте башкы жаңы жылдык балаты орнотулууда

Бишкекте башкы жаңы жылдык балаты орнотулууда

9-ноябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иштерге "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тартылган.

Маалыматка ылайык, башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык дарак отургузулду

Анталияда климатка арналган эл аралык конференция өтүүдө

Ош шаарынын делегациясы Гомелде кызматташтык маселелерин талкуулады

Кыргызстанда 28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Чункурчакта коопсуздук талаптары текшерилүүдө