Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды
Ысык-Көлдүн акваториясында жүргүзүлгөн түнкү рейд учурунда мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, окуя Түп районунун Кичи-Өрүктүү айылынын аймагында болгон. 3 жаран синтетикалык торлорду жана үйлөтмө кайыкты колдонуп, мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалган.
Алар Түп районунун 28 жаштагы тургуну Б.К. жана Ысык-Көл районунун 31 жаштагы А.Т. менен 30 жаштагы Т.Т. аттуу тургундары экени аныкталган.
Окуя болгон жерден жалпы 231 даана балык табылган. Анын ичинен 225и сига-лудога, төртөө Ысык-Көл форели, бирөө судак жана дагы бирөө лещ балыгы болгон.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын эсептөөсүнө ылайык, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 472 миң 680 сомду түзгөн.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары кармалган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу