Өлкөдө 10 айда 572,41 тонна бал экспорттолду
Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча сүт азыктарынын экспорту 33 466,58 тоннаны, ал эми табигый балдын экспорту 572,41 тоннаны түздү. Бул тууралуу 10-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт азыктарынын экспорту 1 115,46 тоннага азайган.
Ал эми табигый балдын экспорту 247,68 тоннага көбөйгөн.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 10 айында 324,74 тонна табигый бал экспорттолсо, 2026-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 572,41 тоннага жеткен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу