Бишкек мэри элди ата мекендик кол эмгектерди сатып алууга чакырды
Бүгүн борбор калаадагы Улуттук тарых музейинде "Лейлек килемдери" фестиваль-жарманкесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңешинин депутаттары Камила Талиева менен Жылдыз Таалайбек кызы катышышкан.
Жунушалиев шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун фестивалга келип, лейлектик уздардын колунан чыккан буюмдарды сатып алуу аркылуу ата мекендик кол өнөрчүлөрдү колдоого чакырган.
"Биз да бул жерге жөн келген жокпуз. Эки килем сатып алабыз. Бирин реабилитациялык борборго, экинчисин Бишкектеги музейлердин бирине өткөрүп беребиз", - деген ал.
Белгилей кетсек, фестиваль-жарманке 26-ноябрына чейин уланат.




Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу