Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда?

Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда?

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы 4 райондо көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатканын эскертти.

Белгилегендей, тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун көлөмүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Төмөндө көмүрдүн запастары, баалары тууралуу айтылды:

Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы 7 361 тоннаны түзөт.

Учурда "Кара-Кече" көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми "Шабыркүл" көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Биринчи Май районунда 9 туруктуу көмүр базасы иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жалпы калдыгы 1 184,69 тоннаны түзөт.

"Кара-Кече" көмүрүнүн бир тоннасы 7 000–7 200 сомдон, "Миң-Куш" көмүрү 8 000 сомдон, "Шаргунь" көмүрү 7 600 сомдон сатылууда.

Айрым базалардан "Шарбон" маркасындагы көмүрдү да кап менен сатып алууга болот. Бир каптын баасы — 300 сом.

Октябрь районунда калкка "Кара-Кече" көмүрү сунушталып, анын бир тоннасы 7 000 сомдон сатылууда. Райондогу көмүр базаларында отундун жалпы запасы 1 017 тоннаны түзөт.

Ленин районунда 13 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 6 500 тоннаны түзөт.

"Кара-Кече" жана "Миң-Куш" көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми "Шабыркүл" көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Түндүк тиркемесине жаңы кызмат кошулду

Индия электрондук виза алуу тартибин жеңилдетет: анкета 70%га кыскарат

Былтыр абага 160,7 миң тонна ыш чыгарылган

Токтогулда 100 баш уйга ылайыкташкан ферма курулууда

Өкмөт башчы жарандардын маселелерин укту