Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана объектилерде белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында Ысык-Көл облусунда курулуш объектилерине рейд жүргүзүлүүдө.

Курулуш министрлиги билдиргендей, 15-ноябрда облустагы 23 курулуш объектиси текшерилди.

Алар:

  • Кара-Ой айылы, "Турпан Парк" эс алуу борборунун апартаменттери, коттедждери жана кафеси — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылындагы апартаменттердин жана кафенин курулушу — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Сары-Ой айылы, “Терма” мейманканасы — "СК Авангард Групп" ЖЧКсы;
  • "Фонтан Плюс" эс алуу аймагындагы конок үйлөрү жана коттедждери— "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • "Алтын-Кум-Плюс" эс алуу борборунун курулушу — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы "Турпан" эс алуу борборунун көп кабаттуу имараттарынын курулушу — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы, "Турпан Резорт" эс алуу борборунун административдик комплекси — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы, "Турпан Резорт-2" эс алуу борборунун курулушу — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Тамчы айылындагы 4 кабаттуу 10 корпустун курулушу — "Елизавета" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы, "Форте Вилладж" эс алуу борборунун коттедждери — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы, "Турпан Резорт-2" эс алуу борборунун коттедждеринин курулушу — "Турпан Строй" ЖЧКсы;
  • Тамчы айылы, "СКБ", казино, апартаменттер жана конок үйлөрү жайгашкан эс алуу борборунун курулушу — "Елизавета" ЖЧКсы;
  • Тамчы айылы, "Урпак Резорт" эс алуу борборунун курулушу — "Кыргыз Инвест Строй" ЖЧКсы;
  • Кара-Ой айылы, "Ак-Бермет" эс алуу аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттердин жана коттедждердин курулушу — "Кап Строй Кей Джи" ЖЧКсы;
  • Шайыбек Ата айыл аймагы, "One Resort" эс алуу борборунун курулушу — "Монолит Капитал Строй" ЖЧКсы;
  • Шайыбек Ата айыл аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттер — "Севен Девелопмент" ЖЧКсы;
  • Чок-Тал айылындагы эки кабаттуу 4 конок үйүнүн курулушу — "Эксперт Логистик" ЖЧКсы;
  • Бостери айылы, "Даймонд Резорт" эс алуу борборунун курулушу;
  • Бостери айылындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушу — "ЦА Инвест Строй" ЖЧКсы;
  • Бостери айылы, "Имарат Резорт" эс алуу борборунун курулушу — "Имарат Строй" ЖЧКсы;
  • Чолпон-Ата шаары, "Ак-Кеме Резорт" эс алуу борборунун курулушу — "ТАНАР Групп" ЖЧКсы;
  • Тамчы айылы, "Тамчы-Резорт" эс алуу борборунун курулушу — "Авангард Резорт" ЖЧКсы;
  • Бостери айылы, "Номад" туристтик комплексинин аймагындагы эки кабаттуу конок үйлөрү — "Браво Билд" ЖЧКсы.

Рейддин жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге шайкештиги, курулуш ченемдери менен эрежелеринин, техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, ошондой эле тармакта киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн көрсөтмөлөр берилет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты