Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Россиядагы өкүлү Кубанычбек Осмонбеков Кытайдын Чунцин шаарында өтүп жаткан "Евразия ишканаларынын Чунцинге сапары" аттуу ишкердик форумга катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Эл аралык форум Кытай менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.
Белгиленгендей, иш-чаранын алкагында ишкерлер тажрыйба алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.
Форум кыргыз-кытай экономикалык алакаларын чыңдоого, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана кыргызстандык ишканалардын тышкы рынокторго чыгышына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу