Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда

Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда

Ош шаарында туристтик потенциалды жогорулатуу максатында эки заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн шаарга Австриянын "Doppelmayr", Франциянын "Ammandy" жана Кытайдын курулуш компанияларынын өкүлдөрү келишти.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев чет элдик адистер жана тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрүп, асма жолдордун курулушу пландалган аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Алдын ала долбоорго ылайык, биринчи асма жол шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Юго-Восток кичи районунан Ак-Буура дарыясын бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылышы мүмкүн. Экинчи асма жолду Керме-Тоо тоосунан баштоо сунушталууда.

Учурда долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жана техникалык тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Даярдык жана макулдашуу жараяндары аяктагандан кийин, курулуш иштерин келерки жылдын жаз айларында баштоо пландалууда.

Демилге ишке ашса, Ош шаарынын туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө жана эс алуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди

Өлкөгө ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык тыюу салынды

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык кошумча төлөм көбөйтүлөт