Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 218 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабууга даярдык көрүлүүдө.

Жаңы мектепте окуу класстарынан тышкары компьютердик класс, лаборатория, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө жана жыйындар залы болот.

Курулуштун сапаты тиешелүү мамлекеттик мекеме тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди

Өлкөгө ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык тыюу салынды

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык кошумча төлөм көбөйтүлөт