Афганистандан келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок

Афганистандан келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок

Афганистандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен, өлкөгө киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, текшерүү Жалал-Абад облусундагы "Кең-Сай" фитосанитардык көзөмөл пунктунда жүргүзүлгөн.

Анда бадыраңдын фитосанитардык талаптарга жооп бербегени жана тиешелүү маркировкасы жок экени аныкталган.

Департамент өлкөгө карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жана таралышына жол бербөө максатында фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Социалдык контракт: Биринчи Май районунда үч ишкердин долбоору жактырылды

Бишкекте 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда

Орто-Токой ГЭСи ачылат. Электр тармагындагы жумуштар

Кеминде Чүй дарыясы аркылуу өткөн жаңы көпүрө ачылды

Акыйкатчы инстутуна 10 айда 21 мамлекеттин жаранынан кайрылуу түшкөн