Манас шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Манас шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Манас шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орундуу мектептин курулушу толук аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды.

Курулуш министрлиги маалымдагандай, мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 4 200 чарчы метрди түзүп, ал А, Б, В жана Г блокторунан турат.

Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин кабинети, компьютердик жана эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ошондой эле бардык шарттары каралган спорт залы жайгашкан.

Эске салсак, 2026-жылдын башында Манас шаарында алты мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө алардын бешөөнүн курулушу толук аяктады. Ал эми Курманбек муниципалдык башкармалыгында салынып жаткан мектептин курулуш иштери кызуу уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Афганистандан келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок

Социалдык контракт: Биринчи Май районунда үч ишкердин долбоору жактырылды

Бишкекте 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда

Орто-Токой ГЭСи ачылат. Электр тармагындагы жумуштар

Кеминде Чүй дарыясы аркылуу өткөн жаңы көпүрө ачылды