Банкка акча ташыган киши агасы менен бирге кылмыш жасоого айыпталууда

Банкка акча ташыган киши агасы менен бирге кылмыш жасоого айыпталууда

Балыкчы шаарында 38 жаша 40 жаштагы ага-ини кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы шектүү инкассатор болуп иштеп, Балыкчы шаарындагы төлөм терминалдарынан чогулган акча каражаттарын банкка тапшыруу менен алектенип келген. 23-ноябрь күнү ал терминалдардан чогулган 7 миллион 137 миң 400 сом акча каражатын атасынын дачасына калтырган. Кийинчерээк акчаны анын агасы башка дачанын короосуна катып койгон.

Акча каражатын жашыргандан кийин ал Бишкек–Куакы–Кочкор унаа жолунун жээгиндеги чычырканактардын арасына барып, бычак менен өзүн моюнга 2 жолу сайып, кайрадан атасынын дачасына барган. Ал жерден агасы аны өзүнүн унаасы менен Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Шектүү милицияга белгисиз адамдар аны тапанча менен коркутуп, Куакы ашуусу тарапка айдатып барып, бычактагынын жана жанындагы 8 миллион 600 миң сом акча каражатын тартып алышканын айткан.

Бирок териштирүү иштеринде анын жалганы чыгып, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

E-COM EXPO тарабынан DemirBank эң мыкты коммерциялык банк катары тандалды

"Байтик Резорт" курортун курууга 200 млн доллар инвестиция салынат

Бажыда 10 айда 19 миңден ашык мыйзам бузуу катталды

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандарга электр энергиясы үчүн жеңилдиктин акчалай түрү сунушталууда

Кыргызстанда БУУ менен биргеликте тарыхта алгачкы туризм форуму өтөт