Быйыл футбол турнирлеринин байге фонду кыйла көбөйтүлдү

Быйыл футбол турнирлеринин байге фонду кыйла көбөйтүлдү

Кыргыз футбол биримдиги быйыл улуттук турнирлердин байге фонду кыйла көбөйтүлгөнүн билдирди.

Маалымдалгандай, жыл башында өлкөдөгү негизги футболдук клубдук мелдештердин байге фондуна 495 000 доллар бөлүнгөн. Жыйынтыгында кандай бөлүштүрүлгөн?
  • Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 220 000 долларды түзгөн. Чемпион болгон командага 100 000 доллар, экинчи орунду алган командага 70 000 доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 50 000 доллар ыйгарылган.
  • Өлкө Кубогунун ээси үчүн 70 000 доллар.
  • Суперкубок үчүн 50 000 доллар.
  • Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпиондук үчүн жалпы байге фонду 100 000 доллар каралган. Биринчи орун — 50 000 доллар, экинчи орун — 30 000 доллар, үчүнчү орун — 20 000 доллар.
  • Жаштар лигасынын чемпиондугунун жалпы байге фондуна 55 000 доллар бөлүнгөн. Биринчи орун — 25 000 доллар, экинчи орун — 15 000 доллар, үчүнчү орун — 10 000 доллар, төртүнчү орун — 5 000 доллар.
2024-жылы байге фонду 100 000 долларды түзсө, 2025-жылы ал 230 000 долларга чейин көбөйгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

ИИМ: 1 миллион доллар каракталган кылмыштын бети ачылды

Туризмди өнүктүрүү боюнча меморандум түзүлдү

Эскирген, айрылган акчаны алмаштырууга болобу?

Бишкек-Балыкчы поездди менен канча адам жүргөн?

Кыргызстан - Грузия соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды