"Байтик Резорт" курортун курууга 200 млн доллар инвестиция салынат
Чүй облусунун Байтик айылында 200 млн долларлык "Байтик Резорт" туристтик комплекси курулат. Жыл бою иштей турган курорттун курулушу 3–5 жыл ичинде этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун директору Адилет Жанузаков билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн Байтик айылынан 1500 гектар жер бөлүнгөн. Учурда "Кыргызгипрозем" жана "Кадастр" ишканалары менен жер тилкелерин тактоо иштери жүргүзүлүп, алардын чек аралары жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылган.
Долбоорду ишке ашырууга инвестор толук даяр жана аны менен тиешелүү келишимге кол коюлган. Курулуш мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) негизинде жүргүзүлөт.
Курортто кыш мезгилинде лыжа тебүү үчүн асма жолдор жана көтөргүчтөр курулат. Жай мезгилинде да туристтердин эс алуусуна шарт түзүлөт.
Долбоор боюнча иштер 2022-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок акыркы эки жылда аны ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Мындан тышкары, курорттун кызматкерлеринин кеминде 80 %зы жергиликтүү тургундардан алынары пландалууда.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин шарттарына ылайык, 49 жылдык мөөнөт аяктагандан кийин курорттун инфраструктурасы мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Курулушка жеке инвестор каражат салат.