E-COM EXPO тарабынан DemirBank эң мыкты коммерциялык банк катары тандалды
2026-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарындагы Технопаркта E-COMMERCE EXPO & AWARDS 2026 Борбор Азия электрондук коммерция форуму болуп өттү.
Форум электрондук коммерцияны жана санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрүн, мамлекеттик органдарды, билим берүү мекемелерин, эл аралык уюмдарды жана ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын эксперттерин бириктирди.
Иш-чаранын алкагында E-commerce Awards Kyrgyzstan 2026 сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анын жыйынтыгында E-COM EXPO тарабынан DemirBank эң мыкты коммерциялык банк катары тандалды.
Бул сыйлык DemirBankтын санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү электрондук коммерциянын өсүшүнө кошкон салымын белгилейт.
DemirBank санариптик экономиканын өнүгүшүн колдоону, заманбап банктык чечимдерди сунуштоону жана бизнес менен кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.
DemirBank — сиздин жашооңуз үчүн банк.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу