МИКтен батир алуу 2026-жылдан тарта алдыга жылат

МИКтен батир алуу 2026-жылдан тарта алдыга жылат

Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 2020-жылдан бери кезекте тургандар эмнеге үй ала албай жатканынын себебин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, 2023-2024-жылдардын ичинде МИК ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен алектенген.

“Биз биринчи батирлерибизди 2024-жылдын декабрынан тарта гана бере баштадык. 2026-жылы кезек алдыга жылат. Бишкек шаары боюнча бир нече этап менен батир берүү пландаштырылган. Тактап айтканда, Маликова көчөсү, 91 дарегиндеги “Мурас”  объектисинде жалпы – 2280 батир бар. Мындан тышкары, биз Волководон – 1320 батир, андан ары “Ынтымак” турак-жай комплексинин биринчи этабында – 918 батир, Тынчтыкпроспектисинен - 120 батир, Кара-Жыгач жаңы конушунан - 105 батир беребиз”, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал Айтматов көчөсү, 104 дарегиндеги объектиде 665 батир, ал эми Лев Толстой көчөсүндө 280 батир бериле турганын кошумчалаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалиянын Финансы министрлиги жана көзөмөлдөөчү органдар Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттун өсүшүн текшерип жатышканын Público гезити жазды. Макалада айтылгандай, Португалиянын экспорту Украинадагы согуш башталгандан кийин Россияга жакын жайгашкан өлкөлөргө олуттуу көбөйгөн. Европа биримдиги Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин Португалиядан Россияга 2021-жылдагы 26 млн евролук экспорттон кыйла төмөн түшүп кеткен. Португалиянын улуттук

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына 4 даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор тапшырылганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Атайын техникаларды сатып алууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 7 млн 100 миң сом бөлүнгөн. Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы техникалар шаардын тазалыгын сактоодо, өзгөчө кыш мезгилинде кар тазалоо иштерин

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

Бишкекте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына караштуу көз карандысыз отчеттуулук органынын (ЕРӨБ ККОО) делегациясы менен шаар тургундарынын жолугушуусу өттү. Делегация Лондон шаарынан келген. Бул сапар мурда троллейбустарды сатып алууга байланышкан шаардык транспортту каржылоо долбоору боюнча тургундардын расмий кайрылуусунун негизинде уюштурулган. "БишкекСмог" демилгелүү тобунун өкүлдөрү билдиргендей, талкууга ар түрдүү

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын