Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Ведомстволор аралык жумушчу топ Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалдык тазалоо имараттарынын ишине текшерүү жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын шаарындагы 70–80-жылдары курулган муниципалдык тазалоо имараттары авариялык абалда турат.

Ошого байланыштуу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Нарын шаарынын таза суу менен камсыздалышы жана канализация системасын реконструкциялоо" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жаңы тазалоо имараттарын куруу боюнча келишим түзүү пландалып жатат. Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү — 36 ай, үстүнө 24 айлык кепилдик мезгили каралган.

Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы колдоого алган "Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында эски, авариялык абалдагы объекттер толук демонтаждалып, заманбап тазалоо имараттарынын курулушу жүрүп жатат.

Каракол шаарында иштер 80%га бүткөрүлүп, 2026-жылдын июль айында аякташы күтүлүүдө. Чолпон-Ата шаарында курулуш 2027-жылдын июль айында толук бүтөт.
Балыкчы шаарында ушул эле долбоордун алкагында 2022–2024-жылдары толугу менен автоматташтырылган жаңы тазалоо имараттары курулган. Алар ультрафиолеттүү дезинфекция менен жытты нейтралдаштыруу системасын камтыган заманбап тазалоо технологиясы менен жабдылган. Учурда объект сыноо иштеринен өтүүдө. Тазалоонун деңгээли булгоочу заттардын курамына жараша 85–95%га жетет.

Экологиялык мониторинг департаменти эски тазалоо имараттарында саркынды суулардан үлгү алып, алардын абалын жана экинчи ирет булгануу коркунучун баалоону жүргүздү. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы жаңы тазалоо имараттарында да суу үлгүлөрү алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу