Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры толук жаңыланды

Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры толук жаңыланды

Мындан 36 жыл илгери негизделген Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жаңыланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы театрдын ижарага берилип келген имараты толугу менен театрдын карамагына өтүп, быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Театр 36 жылдык тарыхында алгач ирет толук кандуу өз имаратына ээ болуп, жаш көрүүчүлөрдүн руханий тарбиясына кызмат кылууга жаңы дем менен киришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу