"Кепилдик Фонд": Бир айда 26 үй-бүлө "Келечек" менен өз үйүнө ээ болду

"Кепилдик Фонд": Бир айда 26 үй-бүлө "Келечек" менен өз үйүнө ээ болду

"Кепилдик Фонддон" билдиришкендей, бир айдын ичинде 26 үй-бүлө "Келечек" продуктунун жардамы менен өз үйүн алды. Бул продукт алгачкы төлөмдү төлөөгө каражаты жетпеген жарандар үчүн натыйжалуу колдоо куралы катары калк арасында популярдуулукка ээ болууда.

2025-жылдын 17-декабрына карата "Келечек" ипотекалык продукту ишке киргизилгенден бери жалпы суммасы 94,2 млн сомдон ашкан 78 кепилдик берилди. Бул жарандарга 379,1 млн сомдон ашык суммага ипотекалык кредит алууга мүмкүнчүлүк түздү.

"Келечек" ипотекалык кепилдигин алты өнөктөш банк аркылуу алууга болот: "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК, "МБанк" ААК, "Дос-Кредобанк" ААК, "Коммерциялык банк КСБ" ЖАК жана "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК.

"Келечек" продуктунун негизги шарттары:

  • Үзгүлтүксүз эмгек стажы же ишкердик ишмердүүлүк — кеминде 12 ай;
  • Ипотекалык каржылоо суммасы — 10 000 000 сомго чейин;
  • Кепилдик камсыздоонун өлчөмү — сатып алынуучу турак жайдын наркынын 30% чейин;
  • Комиссия — кепилдик суммасынан 2%.

Эскерте кетсек, "Келечек" ипотекалык продукты 2025-жылдын май айында алгачкы төлөмдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарды колдоо максатында ишке киргизилген.

"Кепилдик фонд" ААКсы тарабынан көрсөтүлгөн кепилдик колдоонун аркасында ондогон үй-бүлө турак жай шарттарын жакшыртып, өз үйүнө ээ боло алышты.

Толугураак маалымат алуу үчүн 7500 телефонуна чалууга же www.gf.kg сайтына кирүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу