Ош облусунда бүгүн 15 социалдык объект ишке берилди

Ош облусунда бүгүн 15 социалдык объект ишке берилди

Бүгүн Ош облусунда 15 социалдык объект пайдаланууга берилгенин президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Анын ичинен жетөө мектеп, алтоо бала бакча жана экөө спорт зал.

Өзгөн району:

  • Алга айылында жайгашкан "Азада-Апа" бала бакчасы, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
  • Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, 60 орундуу бала бакча. Подрядчы — ЖЧК "Алтрейд".
    Долбоордун баасы — 46 млн 342,7 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган.

Ноокат району:

  • Он-Эки-Мойнок айылындагы 275 орундуу мектеп. Долбоордун наркы — 133 млн сомдон ашык. Курулуш 2023-жылдын IV кварталында башталып, толук аяктады.
  • Кара-Кокту айылындагы 150 орундуу билим уясы. Долбоордун наркы — 92 млн 460 миң сом. Курулуш 2024-жылдын май айында башталып, толук бүттү.
  • Жар-Коргон айылында жайгашкан 120 орундуу бала бакча. Жеке инвестор тарабынан курулуп, долбоордун баасы — 60 млн сом.
  • Төөлөс айыл аймагындагы 225 орундуу мектеп. Курулушка 74 млн 931 миң сом сарпталган.

Кара-Кулжа району:

  • Биймырза айылындагы 120 орундуу бала бакча. Долбоордун наркы — 70 млн 246,5 миң сом.

Кара-Суу району:

  • Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан 275 орундуу мектеп. Курулуш 2015-жылы башталып, толук аяктады. Жалпы наркы — 105 млн 495 миң сомдон ашык.
  • Андагул айылында жайгашкан 150 орундуу мектеп. Долбоордун баасы — 104 млн сом.
    Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
  • Кара-Суу шаарында Ленин атындагы мектептин 450 орундуу кошумча окуу корпусу. Республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сом сарпталган.
  • Отуз-Адыр айылындагы 120 орундуу бала бакча, долбоордун наркы — 53 млн 350 миң сом.

Алай району:

  • Жерге-Тал айылындагы спорт залы. Курулушка 23 млн 374,2 миң сом жумшалган.
  • Аскалы айылындагы 100 орундуу мектеп. Курулуш 2024-жылы башталып, 42 млн 638,9 миң сом сарпталган.
  • Сары-Могол айылындагы 140 орундуу мектеп. Долбоор 2023-жылы башталып, 86 млн 950 миң сом каражат сарпталган.
  • Тогуз-Булак айылындагы №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин спорт залы. Курулуштун жалпы наркы — 20 млн сом.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана