Бишкекте Жаңы жылда "Санжыра" жаңы гүл бакчасы ачылды

Бишкекте Жаңы жылда "Санжыра" жаңы гүл бакчасы ачылды

Кечээ, 31-декабрда Бишкек шаарында "Санжыра" жаңы гүл бакчасы түрдө ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, трезиденттин колдоосу менен жалпы аянты 2 гектарды түзгөн жер тилкесинде заманбап гүл бакча көрктөндүрүлдү.

Анын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары, кичи-футбол талаасы, ошондой эле сейилдөөчү жайлар  жабдылды. Белгилей кетсек, жаз айларында гүл бакчанын аймагына кошумча жашыл көчөттөрдү отургузуу пландалып жатат.

Учурда шаардагы иштеп жаткан жашыл зоналардын жалпы аянты 606 гектарды түзөт.
2050-жылга чейинки жаңы Башкы планга ылайык, Бишкекте кошумча 2 миң 416 гектар парк, сквер, бакча жана бульварларды түзүү каралууда. Мунун натыйжасында жашыл аймактардын жалпы аянты 3 миң 22 гектарга жетип, дээрлик беш эсе көбөйөрүн Бишкек мэриясы буга чейин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү