Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган
2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.
Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн.
Ал эми калган чыгымдар калктын каражаттары жана Кыргыз Республикасынын тургундарынан келген кайрымдуулук жардамдарынан, ошондой эле чет элдик гранттар жана гуманитардык жардамдардан (0,8%) жана түз чет элдик инвестициялардан (0,2%) каржыланган.