Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды
Кечээ курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү.
Рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Имаратты долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн "Палладий Групп" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.