Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр
Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпы кинотеатрлардын саны 37ни түзгөн, ал эми 2024-жылдан бери 20 кинотеатр ижарага берилген.
"Эгер инвесторлор пайда болсо, биз Кинематография департаментинин карамагындагы дагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даярбыз", — деди Марат Тагаев.