Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында мектептердеги орун жетишсиздиги боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп бар. Алардын долбоордук кубаттуулугу 104 миң 117 орунду түзөт, ал эми окуучулардын жалпы саны 261 миң 107 бала.

Ошондой эле ал борбор калаанын райондору боюнча көрсөткүчтөрдү келтирди:

Свердлов району — 35 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 29 миң 732 орун, окуучулардын саны 66 миң 747;
Биринчи Май району — 27 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 20 миң 962 орун, окуучулардын саны 58 миң 085;
Ленин району — 36 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 30 миң 402 орун, окуучулардын саны 91 миң 487;
Октябрь району — 22 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 23 миң 021 орун, окуучулардын саны 44 миң 788.

Бул маалыматтар Бишкек шаарында 14 мектептин курулушу үчүн насыя алуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоонун алкагында айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз