Депутат "кызыл сызыкта" калгандар маселесин чечүүнү көтөрдү

Депутат "кызыл сызыкта" калгандар маселесин чечүүнү көтөрдү

Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында мэрияны кызыл сызыктарга байланыштуу маселелерди чечүүдө Конституциянын нормаларын сактоого чакырды.

Ал Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыровдон кызыл сызыктар эмне экенин тактап сурады. Кадыров жооп берип, кызыл сызыктар — жолдорду, тротуарларды, велосипед жолдорун, кабелдерди, канализацияларды, парк жана скверлерди, ошондой эле башка инфраструктуралык объекттерди камтыган жөнгө салуу сызыктары экенин түшүндүрдү.

Кыдыралиев 1991-жылдан бери шаарда башаламан курулуш жүрүп келгенин белгиледи: "Бул жылдар ичинде кызыл сызыктар толугу менен бузулган, көп жерлерде көп кабаттуу үйлөр жана башка объектилер курулган. Натыйжада коомдук кризис автоматтык түрдө пайда болууда. Биз эмне кылалы? Конституцияда менчик укугу сакталат деп жазылган. Бирок шаардагы көйгөйлөрдү чечүү да зарыл: демографиялык өсүш уланып жатат, миграция жүрүп жатат", — деди депутат.

Кадыров жооп катары, 2025-жылы мэрия бул багытта иштерди баштаганын айтты: "Ооба, Конституцияда жазылган, бирок мыйзамга ылайык бул маселелер, негизинен, компенсация төлөмдөрү аркылуу чечилет", — деп түшүндүрдү ал.

Депутат Кыдыралиев бул маселени акырындап чечип, компенсация төлөп, жер алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Трамптын коргонуу бюджетин 1,5 трлн долларга көбөйтүү сунушу эки ача пикир жаратты

Трамптын коргонуу бюджетин 1,5 трлн долларга көбөйтүү сунушу эки ача пикир жаратты

АКШнын президенти Дональд Трамп 2027-жылдын бюджети боюнча сунушун 3-апрелде Конгресске киргизди. Документ Иран менен болгон аскерий кагылыштын фонунда коргонуу чыгымдарын кескин түрдө, 500 миллиард долларга көбөйтүүнү жана “Алтын купол” сыяктуу жаңы коргонуу программаларын иштеп чыгууну карайт. Трамп 2027-финансылык жылга АКШнын коргонуу бюджетин рекорддук 1,5 триллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады,

МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

Кечээ МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен бирге Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 аттуу жазгы экологиялык фестивалга катышты. Алар экологиялык акцияга "Ала-Тоо" полигонундагы пландуу аскердик машыгуулар аяктагандан кийин толук курамы менен келишкен. Фестивалдын иш-чарасы Чүй облусундагы Байтик айылында (Боз-Болток аймагында), флагштоктун жанындагы аймакта өттү. Касымалиев жана

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда. Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин