МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

МинКаб Боз-Бөлтөк тоосуна бадам, жаңгак, өрүк отургузду

Кечээ МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен бирге Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 аттуу жазгы экологиялык фестивалга катышты.

Алар экологиялык акцияга "Ала-Тоо" полигонундагы пландуу аскердик машыгуулар аяктагандан кийин толук курамы менен келишкен.

Фестивалдын иш-чарасы Чүй облусундагы Байтик айылында (Боз-Болток аймагында), флагштоктун жанындагы аймакта өттү. Касымалиев жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү бадам, жаңгак жана өрүк көчөттөрүн отургузушту.

"Көчөт отургузуу — бул биринчи гана этап. Эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш — аларды туруктуу жана сапаттуу кароо. Бүгүн отургузулган ар бир көчөт көңүл бурууну, өз убагында сугарууну жана камкордукту талап кылат. Ошондо гана келечекте ал толук кандуу бакка айланып, кийинки муундар үчүн татыктуу мурас болуп калат", — деди А.Касымалиев.

Бул аймак Президенттин Иш башкармалыгынын карамагында болуп, ал көчөттөрдү сугаруу жана коргоо сыяктуу бардык агротехникалык иштерди камсыздайт.

4–5-апрель күндөрү өтүп жаткан эки күндүк экологиялык марафондун алкагында жалпысынан 70 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Анын ичинен 40 миңи Чүй облусунда, дагы 30 миңи өлкөнүн башка аймактарында отургузулат.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин