Быйыл Бишкекте 20 жаңы мектеп курулат
Бишкек шаарындагы "Көк-Жар" турак жай массивинде жана башка бир катар жаңы курулуштарда мектептердин курулушу башталды. Министрликтин маалыматына караганда, быйыл борбордо 20 жаңы мектеп куруу пландалууда. Январь айында бир нече объектилерде курулуш иштери башталган.
Атап айтканда:
- "Өскөн-Ордо" турак жай массивинде 750 орунга ылайык мектеп курулуп жатат;
- "Кара-Жыгач" турак жай массивинде №91 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда;
- "Көк-Жар" массивинде 500 орунга ылайык жаңы мектеп курулууда;
- "Дордой" массивинде №94 мектептин жанында кошумча мектеп куруу пландалууда;
- №46 орто мектепке кошумча окуу корпусу кошулат;
- Көк-Жар айылында 750 орунга ылайык жаңы мектеп пайда болот.
Бардык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Бишкекте Сауд Арабия фонду менен түзүлгөн насыялык келишим алкагында 5 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусун куруу пландалган.