ЕАЭБде транспорттук коридорлорду өнүктүрүү уланып жатат

ЕАЭБде транспорттук коридорлорду өнүктүрүү уланып жатат

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн евразиялык транспорттук коридорлорго (маршруттарга) кирген темир жол, автожол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн чаралардын жыйынтыктарынын жылдык анализинин докладын бекитти.

Комиссиянын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, жүргүзүлгөн анализ "бештиктин" мамлекеттери менен ЕЭК биргеликте евразиялык транспорттук коридорлордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча системалуу иштерди алып барганын көрсөтөт.

  • Арменияда Түндүк — Түштүк автожол коридорунун инвестициялык программасын ишке ашыруусу уланууда.
  • Беларусияда бюджеттик каражаттар эсебинен 533 километр автожолго учурдагы ремонт жасалып, М-10 трассасынын айрым участкалары реконструкциядан өтүүдө.
  • Казакстанда Достук — Мойынты темир жолунун 836 километр узундуктагы экинчи линиясы ишке киргизилди.
  • Кыргызстанда Түп — Кеген автожолу расмий түрдө ачылды.
  • Россияда Беларустан Казакстанга чейинки экинчи евразиялык автожол коридорунун маршруту ишке берилди.

Доклад транспорттук саясаттын маанилүү инструменти болуп саналат жана ЕЭК менен мүчө мамлекеттерге транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү координациялоо үчүн объективдүү негиз берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media