Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.

Базарлар инфраструктурасы

Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана аралаш базарлар (23 миң 892 орун) ээлейт.

Соода орундардын саны боюнча Бишкек шаары лидер болуп саналат — борбордо 29 миң 497 соода орду жайгашкан, бул республика боюнча жалпы көрсөткүчтүн болжол менен 35%ына туура келет. Экинчи орунда Чүй облусу турат — 11 миң 487 соода орду.

Автоунаа базарлары

Автоунаа жана тетиктерди сатуу секторунда 10 адистештирилген базар иштеп, анда 12 миң 401 соода орду бар. Бул базарларда негизинен жеке ишкерлер жана жеке адамдар иш жүргүзүшөт:

  • жеке ишкерлер — 5 миң 846 орун,
  • жеке адамдар — 6 миң 533 орун.

Ал эми юридикалык жактар республика боюнча болгону бир гана соода ордун ээлейт.

2025-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы боюнча бул сегментте соода орундарын пайдалангандыгы үчүн жыйналган төлөмдөрдүн жалпы суммасы 163 млн 231 миң сомдон ашкан.

Соода борборлору

Өлкөдө жалпы аянты 472 миң 608 чарчы метрди түзгөн 95 соода борбору иштейт. Алардын дээрлик жарымы — 43 объект — Бишкек шаарында жайгашкан.

Соода борборлорунда 7 миң 957 соода орду уюштурулган, анын ичинен 5 миң 458ин жеке ишкерлер ижарага алышкан.

Ижара баасы

Республика боюнча бир соода ордунун бир күндүк орточо ижара баасы 182 сомду түзгөн.
Эң жогорку баалар Бишкек шаарында — 292 сом,
эң төмөнкү баалар Ысык-Көл жана Баткен облустарында — тиешелүүлүгүнө жараша 73 сом жана 77 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Кичи, чакан жана орто ишканаларды туруктуу каржылоо долбоору ишке ашат

Кичи, чакан жана орто ишканаларды туруктуу каржылоо долбоору ишке ашат

Кыргызстанда кичи, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы базарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоордун бет ачары өттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтык жолугушууга Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов төрагалык кылып, ага коммерциялык банктардын жана башка каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада аталган долбоордун негизги багыттары,

Көл-Төр көлүндө ташкын коркунучун алдын алуу үчүн түтүктөр кайра орнотулду

Көл-Төр көлүндө ташкын коркунучун алдын алуу үчүн түтүктөр кайра орнотулду

Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүндө суунун деңгээлинин көтөрүлгөнүнө байланыштуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй району боюнча бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 7-июлда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда көлдүн суусу көтөрүлүп, 2025-жылы орнотулган түтүктөрдүн ажырап, чачырап калганы аныкталган. Буга байланыштуу 9-июлда көлдөн ашып чыккан суунун агымы жер кыртышын

Борбордук банктар санарип финансы боюнча кызматташат

Борбордук банктар санарип финансы боюнча кызматташат

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 30-отуруму болуп өттү. Катышуучулар отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө орун алган макроэкономикалык жагдайды жана ишке ашырылып жаткан акча-кредит саясатын талкуулашты. Жыйынга Россиянын Борбордук банкынын төрайымы - Эльвира Набиуллина, Армениянын Борбордук банкынын төрагасы - Мартын Галстян, Беларусь Улуттук банкынын төрагасынын орун

Ысык-Көлдө 8 миңден ашык суур катталды

Ысык-Көлдө 8 миңден ашык суур катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында суурлардын санын эсепке алуу иштери жыйынтыкталып, жалпы 8 миң 257 баш суур катталды. Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдиргендей, эсепке алуу иштеринин учурунда талаа байкоолору жүргүзүлүп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү тууралуу маалыматтар чогултулду. Маалыматка ылайык, санак иштери министрликтин буйругу менен бекитилген