Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт
Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди.
Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи.
“Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл аралык мыйзамдар бар. Бул ыйык тоо, ошондуктан биз аны сакташыбыз керек”, - деди министр.