Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Белгилей кетсек, курулушка уруксат берүүчү документтеринин жокутугуна карабастан, компания тарабынан өз алдынча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде узундугу 40 метр, туурасы 25 метрлик диафрагма жана колонналар салынган. Бул аракеттер "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамын бузуу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу фактысы боюнча иш Октябрь райондук сотунда каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаев боюнча бөгөт чарасын өзгөрткөнүн Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-апрелде райондук сот Уезбаевди камактан бошотуп, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Эске салсак, 2025-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты