Манас шаарында 167 аскер кызматкерине ипотекалык батир тапшырылды
Бүгүн, Манас шаарында 167 аскер кызматкерине ипотекалык батирлердин ачкычы тапшырылганын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Батирлерди тапшыруу аземине Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын колбашчысы Самат Сейдалиев катышты.
Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган.



Эске салсак, 2025-жылдын 1-октябрында коргоо министри Руслан Мукамбетов Каракол шаарында жайгашкан ипотекалык көп кабаттуу турак жайдан батир алууга ээ болгон 40тан ашык аскер кызматчысына жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган.