Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2025-жылы жарандарга 147 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп бергенин "Биринчи радиого" берген маегинде компенсациялар жана камсыздандыруу төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын түзүлүшүнүн негизги максаты — жарандарды өрт кырсыктары, табигый апааттар жана башка өзгөчө кырдаалдарда турак жайынан же мүлкүнөн ажырап калган учурда коргоо.

Азат Осмоналиев дал ушундай учурларда камсыздандыруу чоң роль ойной турганын, жарандардын келтирилген зыяндан кийин калыбына келишине жардам берерин белгиледи.

2024-жылы МКК калкка болжол менен 24 млн сом төлөп берген болсо, 2025-жылы бул сумма алты эседен ашык өсүп, 147 миллион сомго жеткен. Төлөмдөрдүн көбөйүшү камсыздандыруу камтуусунун кеңейиши жана анын милдеттүү мүнөзү менен түшүндүрүлөт.

Башкармалыктын башчысы эске салгандай, шаар жеринде турак жайды камсыздандыруу жылына 1 миң 200 сомду, ал эми айыл жеринде 600 сомду түзөт. Бул каражаттар камсыздандыруу окуясы болгондо жарандарга кепилденген төлөмдөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү