Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган
2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди.
Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган кесепеттүү учурларда 116 мекеменин иши токтотулган.
Жалпы алынган айып пул 3 млн 349 миң сомду түзгөн.
Санжар Темирбеков белгилегендей, текшерүүлөрдү Министрлер кабинетинин Экономика министрлиги менен макулдашуу жана жеке мекемелерге текшерүүдөн он күн мурун кабар берүү милдети эффективдүү көзөмөл жүргүзүүгө олуттуу тоскоолдук жаратып келет.