Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкек шаардык мэриясында мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу турак жайынан ажыраган тургундар менен жолугушуу өттү. Маалыматка ылайык, бүгүн сегиз жаранга жоготкон турак жайы үчүн камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион сомдон берилди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, Бишкек шаарында камсыздандыруу менен камтуу көрсөткүчү 25%га жетти. Бирок бул үлүштү дагы көбөйтүү зарыл, анткени кырсык күтүүсүздөн болот.

"Мындан пайдаланып, бардык жарандарды үйлөрүн, автоунааларын жана башка мүлкүн камсыздандырууга чакырабыз", — дешти уюмдун өкүлдөрү.

Мекемеде белгилешкендей, мамлекеттик камсыздандыруу өзгөчө кырдаалга кабылган жарандардын чыгымын ыкчам түрдө калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жалгыз механизм болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын