Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген.

"Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык айыл чарба жерлери кайтарылды.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 38 млрд сомдон ашык зыян өндүрүлдү.

Биз айрым криминалдык түзүмдөрдү гана жоготпостон, ондогон жылдар бою келе жаткан көмүскө таасирлерди багып келген механизмдердин системасын талкалай алдык", - деп билдирди өлкө башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы узак мөөнөттүү болжолдордон кыйла ашты. 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жылдык орточо өсүш 5% деңгээлинде каралган болсо, акыркы төрт