Батирлерди үстөк пайызсыз берсек МИК банкрот болот – С.Жапаров
Президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания жөн гана банкка айланып калганын Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы мурда ипотекалык насыялар банктар аркылуу 14%дык үстөк менен берилип келгенин эске салды.
“Мен кызматка келгенден кийин ипотекага үй алгандардын абалын сурасам, 16 миң сом айлык алып, ипотекага 24 миң сом төлөшөт экен. Ошондуктан биз айлыктарды 70-80 миң сомго чейин көтөрдүк, ал эми Ипотекалык компанияны таптакыр башка шарттарга өткөрдүк. Жаңы мыйзамдарды кабыл алып, жоболорду иштеп чыктык. Азыр ипотека 4% менен 25 жылга берилүүдө. Быйыл 20 миңге чукул үй-бүлөгө батир беребиз деп турабыз”, — деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров батирлерди өздүк наркында, үстөк пайыз кошпой берүүнү сунуштаган депутаттарга жооп берди.
“Андай болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компания түбөлүктүү иштеши керек. Эгер биз үстүнө акча кошпой бере турган болсок, анда жыл сайын бюджеттен акча бөлүп турууга туура келет. Мындай учурда компания бара-бара элге батир куруп бере албай, банкрот болуп калышы мүмкүн. Азыркы тапта компаниянын уставдык капиталы 2 млрд долларга жетти”, — деп баса белгиледи өлкө башчысы.