Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук‑медициналык экспертиза борборуна барды МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

Ал мекеменин кызматкерлеринин иш шарттары, лабораторияларынын абалы жана инфраструктурасы менен таанышты.

Касымалиевдин айтымында, имарат моралдык жана техникалык жактан эскирген, көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес жана учурда канааттандырарлык эмес абалда турат.

Министрлер кабинетинин башчысы жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгууну жана керектүү жабдуулардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Аларга заманбап көп катмарлуу муздаткыч жабдуулардан тартып ДНК-тест жүргүзүүчү лабораториялык комплекстерге чейин кириши керек.

Долбоорго ошондой эле каржылык эсептөөлөр жана иштердин план-графиги тиркелиши керек. Анда иштер баштапкы жана келечектеги этаптарга бөлүнүшү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Министрликке сунушталган 10 талапкердин 9у коррупционер деп табылган-С.Жапаров

Министрликке сунушталган 10 талапкердин 9у коррупционер деп табылган-С.Жапаров

ӨКМ башчылыгына сунушталган 10 талапкердин 9у коррупцияга байланыштуу деп табылганын Садыр Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри кызматтан бошотулгандан кийин ал он талапкерди карап чыгууну сунуштаган. "Бирок алардын тогузу боюнча коррупциялык иштер бар экени аныкталды. Бизде мамлекеттик кызматта таза, татыктуу кадрлар калбай калганбы? Биз

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин активдүү улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Шаардын көчөлөрүн тазалоо иштерине бир катар атайын техникалар тартылды. Тактап айтканда, жолдордо 32 даана МАЗ кум-туз чачуучу унаа, 10 даана Shacman кум-туз чачуучу унаа,

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды. Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына 12-мартта жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер жумасына төрт жолу каттайт: * дүйшөмбү, * шаршемби, * бейшемби, * ишемби күндөрү. Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек. Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун