Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Министрлер кабинети 11-марттагы токтому менен Чек ара кызматы үчүн жаңы аскер базасын куруу максатында Нарын облусундагы 13,2 гектар айыл чарба жерин коргонуу багытындагы жер категориясына өткөрдү.

Сөз Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Бул жер мурда сугат айдоо жери статусуна ээ болуп, мамлекеттик менчикте турган.

Айдоо жерин башка категорияга өткөрүү улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн мораторийден өзгөчө учур катары уруксат берген мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн.

Эми бул аймак расмий түрдө өнөр жай, транспорт, байланыш жана коргонуу багытындагы жерлер категориясына киргизилди. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, жер тилкесинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга милдеттүү.

Токтом долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу учурунда бир катар талаптарды белгилейт:

  • жер титирөөгө каршы чараларды жүргүзүү жана кар жана жаан сууларын агызуу системасын түзүү;
  • курулуш учурунда тарыхый мурастар табылган учурда аларды коргоо үчүн археологдорду тартуу;
  • курулуштун бардык этаптарында экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
  • долбоорду жарандык авиациянын талаптары менен макулдашуу.

Эгерде күч түзүмү бул жер тилкесин белгиленген максатта пайдаланбай калса, бийлик аны мурунку абалына келтирүүгө милдеттүү болот.

Долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрацияга жүктөлгөн. Документ расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды. Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле оорукананын 350

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

МинКаб торагасы Адылбек Касымалиев "Ата мекендик зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомго кол койду. Жаңы документке ылайык, жергиликтүү зергер компаниялары үчүн баалуу металлдардын сатуу баасы London Bullion Market Association тарабынан аныкталган дүйнөлүк көрсөткүч — LBMA фиксингине байланыштырылат. Бирок ага 2%дык арзандатуу колдонулат. Бул чечим

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында