КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

Жибек Жолу проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн 16 кабаттуу жаңы имарат куруларын бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин жыйынында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Исаев билдирди.

Бүгүн комитет Байтик айылында Россия-Кыргыз славян университетинин студенттик шаарчасын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат. Талкуу учурунда депутат Болот Сагынаев Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлар үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөр бар-жогун жана жергиликтүү университеттердин карамагында канча жер аянты бар экенин сурады.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстандагы он жогорку окуу жай өзгөчө макамга ээ, бул аларга өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал эми жер ресурстары боюнча маалыматты тактап, жазуу түрүндө жооп берерин билдирди.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын инфраструктурасын кеңейтүүнүн мисалы катары ал учурда курулуп жаткан КУУнун кампусун келтирди.

Анын айтымында, КУУнун Жибек Жолу проспектисиндеги жатаканасынын ордунда 16 кабаттуу имарат курулуп жатат. Учурда курулуш иштеринин үчтөн бир бөлүгү бүткөрүлгөн. Бул имарат көп тармактуу болуп, анда административдик бөлүм жана студенттер үчүн окуу жайлары жайгашат.

Жыйынтыгында ал Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар үчүн жаңы кампустарды курууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Бишкек мэриясы "Энесай" жана "Дордой" турак жай массивдеринин ортосунда парк уюштурууну пландап жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Ал буларды депутат Табылды Муратбековдун эки турак жай массивинин ортосундагы парк куруу

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы эки парк реконструкцияланарын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, реконструкциялана турган парктар — Тоголок Молдо жана Эркиндик парктары. "Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары да реконструкцияланат. Шаарда жалпы 12 парк

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтар массивинин кармоочуларынын реестринде 27 652 уюм катталган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 2 906сы — мамлекеттик уюмдар, ал эми

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун  негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул чечим мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук кесепеттерди баалоо, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын пикирлерин эске алуу максатында кабыл