МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт
Мамлекеттик ипотекалык компания май айынан тарта Бишкекте турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга батирлерди бере баштарын "Биринчи радио" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атаканов билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаада бир нече объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. Алар: Маликов көчөсүндөгү (мурунку №47 колониянын аймагы), Бегматов көчөсүндөгү, Анкара көчөсүндөгү, Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле Орто-Сай айылындагы ("Ынтымак" турак жай комплекси) үйлөр.
Шаар тургундары МИКтин үйлөрүнүн айланасындагы жол тыгындары боюнча даттанууларды айтып жатканын комментарийлеп жатып, ал тыгындар борбор калаанын жалпы көйгөйү экенин жана алар компаниянын объектилеринин жанында гана эмес, шаар боюнча байкаларын белгиледи.
Атакановдун айтымында, үйлөрдү курууда социалдык объектилер жана унаа токтотуучу жайлар да каралган. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар курулуштун ар бир этабын жана колдонулган курулуш материалдарынын сапатын текшерип турушат.