"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды
"Ала-Тоо Резорт" ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер тилкелери боюнча аукциондун экинчи этабы жарыяланганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аукциондо курулушу жүрүп жаткан "Жыргалаң" курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36 лот коюлду.
Бул жерге 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартамент, этно шаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объекттер курулат.
"Бардык катышуучулар үчүн аукционго катышуу боюнча маалымат жана талаптар "Ала-Тоо Резорт" ААКтын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.
Аукцион ачык жана онлайн режимде өткөрүлөт. Ага төмөнкү тараптар катыша алат:
- жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор;
- курулуш компаниялары;
- туризм жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрү;
- башка юридикалык жана жеке жактар.