Караколдо дарыгерлер менен мугалимдерге 700дөн ашык батир берилет
Президенттин жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасынын алкагында Каракол шаарында 700дөн ашык батирди ушул жайда дарыгерлер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери алышарын шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү тургундарга 300дөн ашык батир берилет, ал эми жай мезгилинде дагы 400 батирди тапшыруу пландалууда. Турак жайларды пайдаланууга берүү иштери күзүндө да улантылат.
Белгиленгендей, курулуш иштер графикке ылайык жана сапат стандарттарын сактоо менен жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, 1-апрелден тартып медицина, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык маяналары жогорулатылары каралган. Бул алардын мотивациясын жогорулатып, социалдык тармакты колдоону күчөтөт.