Жайыл районунда 9 ата-энеси жок балага жер участогу берилди
Жайыл районунда ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкеси берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти.
Райондук прокуратура тарабынан ата-энеси жок балдардын турак жайга болгон укуктарын коргоо максатында текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилген.
Анын негизинде ата-энесинен ажыраган 9 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.
Эскерте кетсек, "Балдар жөнүндө" кодексине жана Турак жай кодексине ылайык, жашоого үйү жок жетим балдар 16 жашка толгондо турак жай аянтын же жер тилкесин кезексиз алууга укуктуу.