Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген 70 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз менчикке берилген кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.
Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 70 миллион 300 миң сомду түзгөн мүлктөр мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Прокуратурадан белгилешкендей, социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпайт жана өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы керек.
Ошондой эле мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда, тиешелүү чаралар көрүлүп, объекттер мамлекетке кайтарылары кошумчаланды. Бул багытта көзөмөл иштери улантылууда.